ИЧКЕ-БУЛУҢ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 июль 2025, саат 09:49 учурдагы нуска

ИЧКЕ-БУЛУҢ – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Липенка айыл өкмөтүнө караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түш.-чыгышын­да, көлдүн ичке булуңуна жакын түздүктө, де­ңиз деңг. 1660 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Кызыл-Суу кыш-нан 29 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 216 км. Калкы 1572 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, дарыкана, китепкана бар. Медпункт, мончо, соо­да түйүндөрү иштейт.