ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР БОРБОРУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
2 май 2025, саат 13:52 учурдагы нуска
ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕ́КТР БОРБОРУ – керектөөчүлөргө электр энергиясы м-н ысык суу ж-а буу түрүндө берилүүчү жылуулукту бир убакта иштеп чыгаруучу жылуулук электр станциясы. Ж. э. б. негизинен отун, суу даярдоочу ж-а суу ысытуучу түзүлүштөрдөн, казандан, электр генераторунан, буу турбиналарынан, бууну керектөөчүлөргө бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдөн турат. Ж. э. б-нун артыкчылыгы пайдаланылуучу бууну, сууну жылытуу м-н эле бир убакта электр энергиясын иштеп чыгат. Жылуулук жылдын белгилүү гана мезгилинде талап кылынгандыктан, Ж. э. б-нда буу тыгыздалат: ө. ж үчүн жыйналган буунун басымы 8–16 атмга, жылытууга арналган буунуку 1,2–25 атмга жетет.