ЖЫЛУУЛУК ТЕХНИКАСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
2 май 2025, саат 13:52 учурдагы нуска
ЖЫЛУУЛУК ТЕХНИКАСЫ – илим м-н техникада жылуулук энергиясын алуу ж-а пайдалануу ыкмасын камтыган тармак. Ж. т-нын эки негизги багыты бар: 1) жылуулук кубаты – жылуулук казан жабдууларынын очогунан, мешинен, орг. отун күйгүзүүчү камерадан, жылуулук аккумуляторунан, радиатордон, калориферден, конденсатордон, ядро реакторунан ж. б. алынат; 2) отундун хим. энергиясы мех., андан соң электр энергиясына айландырылат. Буларга буу турбиналары, ичинен күймө кыймылдатычтар, газ турбиналары, реактивдүү кыймылдатычтар, муздаткыч машиналар ж-а жылуулук насостору кирет. О. эле, Күн нурунун ж-а жер астындагы жылуулуктар да пайдаланылат.