ЖЫЛДЫЗЧА МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

2 май 2025, саат 13:52 учурдагы нуска

ЖЫЛДЫЗЧА МӨҢГҮСҮ Какшаал кырка тоо­сунун түн. капталында, Борб. Теңир-Тоодо. Түш. Эңилчек мөңгүсүнүн негизги тармагы. Уз. 16,5 км, аянты 91,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 7439 м (Жеңиш чокусу) бийикте, 4110 мде не­гизги мөңгүгө кошулат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Мөңгү бүт бойдон фирн облусунда жа­тат. Негизги мөңгүнүн өрөөнүндө туурасы 1 км келген тилкени түзөт. Фирн облусу дээрлик Же­ңиш чокусунун түн. капталында жатып, теп­кич сымал кертилген муз жаракалары м-н та­таалданган.