ЖЫЛГЫН (өсүмдүк уруусу): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

2 май 2025, саат 13:52 учурдагы нуска

ЖЫЛГЫН (Myricaria) – жылгындар тукумун­дагы өсүмдүк уруусу. Анча бийик эмес бадал, кээде даракча. Бийикт. 1,5–6 мге жетет. Жал­бырагы майда, учтуу, түрпүчөдөй, кезектешип жайгашкан. Топ гүлү чачыдай же машактай. Гүлү кооз, желекчелери ак, мала кызыл же кө­гүш. Мөмөсү – кутуча. Ж-дын Кырг-нда 3 түрү – көрктүү Ж., түлкү куйрук ж-а түрпүлүү Ж. кез­дешет. Өзөндүн шагылдуу жээгинде, сайда өсөт. Айрым түрүнөн боёк заттар алынат. Жаш бу­тактары малга тоют. Жалбырагы С витаминине бай. Кабыгы өңдөөчү зат катары колдонулат.