ЖОШО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
2 май 2025, саат 13:51 учурдагы нуска
ЖОШО – боёк катары пайдаланылуучу кызгылт түстөгү табигый минерал. Ж-го темирдин (гематит), коргошундун (сурик), кээде сымаптын (киноварь) жаратылыштагы кычкылдарынан пайда болгон күкүм түрүндөгү минерал заттар ж-а кызыл чопо кирет. Өңү күңүрт кызыл, саргыч кызыл, күрөң кызыл. Ж. металлга дат бастырбоо касиетине ээ. Чогундусу жаратылышта аз өлчөмдө кезигет. Ж. боз үйдүн кереге, уук, түндүгүн ж-а ээр сыяктуу жыгач буюмдарын боёо үчүн колдонулган. Учурда Ж-дон сурик боёгу даярдалып, сырдоо ж-а сүрөт тартуу иштеринин бардык түрлөрүндө керектелет.