ЖОГОРКУ ЧЫҢАЛУУДАГЫ ТЕХНИКА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
2 май 2025, саат 13:51 учурдагы нуска
ЖОГОРКУ ЧЫҢАЛУУДАГЫ ТЕ́ХНИКА – электр техникасынын жогорку электрдик чыңалуудагы (1 кВттан жогору) ар кандай чөйрөдө болуучу электрдик кубулуштарды үйрөнүүчү ж-а колдонуучу бөлүгү. Ж. ч. т-нын негизги багыты – электр тогун өткөрүүчү линиялардын узакка ишенимдүү иштөөсүн ж-а ашыкча чыңалууга туруштук берүүсүн камсыз кылуу үчүн жогорку вольттуу электр машиналарын ж-а курулмаларын жасоо. Экинчи маанилүү багыты – жогорку вольттуу курулмаларда пайда болгон жогорку жыштыктуу нурланууну ж-а таажылуу разрядды изилдейт. Ж. ч. т-га, о. эле жогорку вольттуу курулмаларды сыноочу, өлчөөчү түзүлүштөрдү иштеп чыгуу ж-а пайдалануу жумуштары тиешелүү. Газ тазалоо системасында, сырдоо ж. б. багыттарда колдонулуучу электрон-иондук технология Ж. ч. т-нын өзүнчө бөлүмү болуп эсептелет.