ЖЕБЕЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
28 апрель 2025, саат 13:26 учурдагы нуска
ЖЕБЕЛ – үңкүр; көп катмарлуу археол. эстелик. Түркмөнстандын Жебел шаарчасынан 4 км алыстыкта. 1949–50-ж. археолог А. П. Окладников изилдеген. Төмөнкү 6 мезолиттик катмардан көп сандаган мезолиттик типтеги оттук таштан жасалган ар кандай куралдар, үстүңкү мезолиттик катмардан кууш түптүү буюмдар табылган. Ж. эстелигинин жогорку катмарында неолит убагы м-н коло доору башталган кездеги өзүнчө бир катмар жаткандыгы эсепке алынган.