ЖАЛБЫРАКЧЫЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

28 апрель 2025, саат 13:25 учурдагы нуска

ЖАЛБЫРАКЧЫЛАР (Chrysomelidae) – коңуз­дар тукуму. Дене уз. 1 смдей, кээде 2 смге же­тет. Көбүнчө ачык түстө. Личинкасы бездүү бүдүрлөр м-н капталган. Жакшы өрчүгөн 3 жуп буту болот. Ж. өсүмдүктө, топуракта ачык жа­шайт. Жер шарында 40 миң, КМШ өлкөлөрүндө 1400 түрү белгилүү. Ж-дын көпчүлүгү жемиш багына, эгин талаасына, бакчачылыкка ж-а бак-даракка (мис., колорадо коңузу картөшкөгө, калкан тумшук кызылчага, сүлүк сымал коңуз дан эгинине) зыян келтирет. Ж-ды жоготуу үчүн агротехниканы туура пайдалануу, инсектицид­дерди чачуу керек.