ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИ (ЕВРОПАРЛАМЕНТ): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

19 апрель 2025, саат 07:35 учурдагы нуска

ЕВРО́ПА ПАРЛАМЕНТИ (ЕВРОПАРЛАМЕНТ) – Европа Союзунун (ЕС) өкүлдүк орга­ны. ЕСке кирген өкүлдөр өлкөлөрдүн шайлоо­чулары тарабынан жалпы тике шайлоо м-н 5 жылдык мөөнөткө ал мамлекеттердин калкы­нын санына жараша (жалпы 732 депутат) шай­ланат. Е. п. ЕСтин бюджетин бекитет, эл ара­лык келишимдерди ратификациялайт, кон­сультациялык ж. б. функцияларды аткарат. Е. п-нин кезектеги сессиялары Страсбург ш-нда (Франция), чукул чакырылган сессиялары Брюс­сель (Бельгия) ш-нда өткөрүлөт. Генералдык секретариаты Люксембургда, штаб-квартирасы Страсбург ш-нда жайгашкан.