ДИНАСТИЯЛАР ТАРЫХЫ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''ДИНАСТИЯЛАР ТАРЫХЫ''' , ч ж е н ш и – кы­тай тарыхый чыгармаларынын бир түрү. | '''ДИНАСТИЯЛАР ТАРЫХЫ''' , ч ж е н ш и – кы­тай тарыхый чыгармаларынын бир түрү. Династиялар тарыхы бийликтеги династия кулагандан кийин жаңы династиянын императорунун буйругу боюнча жа­зылган. Б. з. ч. 2-кылымдан 20-кылымдын 20-жылдары­на чейин түзүлгөн чиси – Сыма Цяндын «Ши цзиси» («Тарых жаз­малары») алардын бардыгына үлгү болгон. Династиялар тарыхы 4 бөлүмдөн турган. Биринчиси (бэньцзи же дицзи) – императорлордун укум-тукумуна ж-а иштерине арналган; экинчиси (наньбяо) хро­нологиялык таблицалар; үчүнчүсү – экономика, геогра­фия, административдик түзүлүш, адабият, искусство ж. б. ар кандай маселелерге арналган өзүнчө трактаттар; төртүн­чүсү – (лечжуань) таржымалдар. Династиялар тарыхында ба­йыркы кыргыздардын тарыхына байланыштуу баалуу маалыматтар камтылган. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
7 апрель 2025, саат 10:18 учурдагы нуска
ДИНАСТИЯЛАР ТАРЫХЫ , ч ж е н ш и – кытай тарыхый чыгармаларынын бир түрү. Династиялар тарыхы бийликтеги династия кулагандан кийин жаңы династиянын императорунун буйругу боюнча жазылган. Б. з. ч. 2-кылымдан 20-кылымдын 20-жылдарына чейин түзүлгөн чиси – Сыма Цяндын «Ши цзиси» («Тарых жазмалары») алардын бардыгына үлгү болгон. Династиялар тарыхы 4 бөлүмдөн турган. Биринчиси (бэньцзи же дицзи) – императорлордун укум-тукумуна ж-а иштерине арналган; экинчиси (наньбяо) хронологиялык таблицалар; үчүнчүсү – экономика, география, административдик түзүлүш, адабият, искусство ж. б. ар кандай маселелерге арналган өзүнчө трактаттар; төртүнчүсү – (лечжуань) таржымалдар. Династиялар тарыхында байыркы кыргыздардын тарыхына байланыштуу баалуу маалыматтар камтылган.