ДЮРКГЕЙМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
4 апрель 2025, саат 05:00 учурдагы нуска
ДЮРКГЕ́ЙМ Эмиль (15. 4. 1858, Эпиналь – 15.11. 1917, Париж) – француз социологу, социология илимин негиздөөчүлөрдүн бири. Индивидуалдык-психол. ж-а биол. багытка каршы чыккан; коомду индивиддердин жыйындысы деп эсептөөгө болбой турган реалдуулук катары караган. Ошол эле учурда коомдогу аныктоочу ролду «жамааттык аң-сезимге» ыйгарган. Эмгекти бөлүштүрүүнү коомдук тилектештиктин негизи деп эсептеген ж-а социалдык жаңжалдарды ашынган (патол.) көрүнүш катары түшүндүргөн.