ДУБАНА КӨЛҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 апрель 2025, саат 10:41 учурдагы нуска

ДУБАНА КӨЛҮ – Чаткал кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан табияты кооз көл.
Чаткал өрөөнүнүн төрүндөгү Дубана суусунун сол куймасы – Каратоконун алабынан орун ал­ган. Көл чанагы мөңгүнүн таасиринен пайда болуп, деңиз деңг. 3000 м бийикте жатат. Аян­ты 0,54 км2. Кар, жаан-чачын сууларынан ку­ралат. Айланасында көк карагай, арча, кайың, түрдүү бадал өсөт. Көлдөн Каратоко суусу агып чыгат.