ДРУЗА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 апрель 2025, саат 10:41 учурдагы нуска
ДРУ́ЗА (нем. Druse – щётка) – 1) табигый минерал агрегатынын кристаллдык формасы. Мында тоо тектердин көңдөйлөрү м-н жаракаларынын беттерине минерал кристаллдары бир гана жагы м-н жабышып, ачык жагын карай өсө баш-

тайт. Натыйжада кырлары жакшы чыккан чокмороктошкон кристаллдар пайда болот (к. сүрөттү). Жаратылышта кварц, аметист, кальцит, антимонит сыяктуу минералдардын Д-лары көп учурайт. 2) Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн (мис., жөкө дарактын сөңгөгүнүн, козу кулактын) клеткаларындагы кальций оксалатынын бирге бутактанып өскөн цитоплазмадан турган кристаллдары.