ДРОЗОФИЛА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 апрель 2025, саат 10:41 учурдагы нуска
ДРОЗОФИ́ЛА (Drosophila) – жемишчи чымындар тукумундагы уруу. Дене уз. 3,5 ммге чейин. Бүт жер жүзүндө 1 миңдей, КМШ өлкөлөрүндө 25 түрү бар, бардык жерде, айрыкча тропикте кеңири тараган. Көбүнчө мөмө, жемиш, жашылча сакталуучу жайларда кездешет. Личинкасы өсүмдүктөрдүн калдыктарында өөрчүйт. Амер. илимпоз Т. Морган Д-нын лабор. шартта тез көбөйүп, айрым түрлөрү түпкү тегиндеги белгилерин даана сактарын аныктаган. Ошондон кийин Д. генетиканын объектисине айланган. Д. м-н мутагенез процесси изилденип, эксперименттик биринчи мутация алынган.