ДОМИНИОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 апрель 2025, саат 10:41 учурдагы нуска

ДОМИНИО́Н (лат. dominiom – ээлик, бийлик) – Британ империясынын курамындагы, Англия королун мамлекеттин башчысы деп тааныган өлкөлөр. Д-дорду англ. королго баш ийген гене­рал-губернаторлор башкарган. Бийликти Д. фор­масында уюштуруу мурда эле пайда болуп, Ка­надага (1867), Австралия Союзуна (1901), Жаңы Зеландияга (1907), Түш. Африка Союзуна (1910) ж-а Ирландияга (1921) Д. статусу берилген. Д-дордун эгемендиги 1931-ж. Вестминстер ста­туту м-н бекитилген. 1947-ж. «Д.» термини «Ше­риктештик мүчөсү» деген термин м-н алмашты­рылган, к. Шериктештик.