ДИСКРИМИНАЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
4 апрель 2025, саат 04:59 учурдагы нуска
ДИСКРИМИНА́ЦИЯ (лат. discriminatio – ажыратуу, бөлүү) – 1) айрым адамдарды же улуттарды, элди расалык, улуттук, жыныстык ж. б. белгилерине карата укуктан ажыратуу ж-а укуктарына чек коюу. 2) Эл аралык мамиледе бир мамлекеттик өкүлдөрүнө, мекемелерине же жарандарына башка мамлекеттик өкүлдөрүнө, мекемелерине же жарандарына караганда кем укук берүү. Эл аралык мамиледе демокр. мамлекеттердин укуктук мыйзамдарында Д-нын бардык түрүнө тыюу салынган ж-а тиешелүү жоопкерчиликтер каралган.