ДИПЛОМАТИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 апрель 2025, саат 10:41 учурдагы нуска

ДИПЛОМА́ТИЯ – мамлекеттердин тышкы сая­сатын жүзөгө ашыруу б-ча расмий ишмердиги. О. эле чет өлкөлөрдө мамлекеттин кызыкчы­лыктарын коргоо б-ча мамлекет башчылары­нын, өкмөттөрдүн ж-а атайын тышкы карым­катнаш органдарынын расмий иш-аракеттери. «Д». термини Байыркы Грекияда чет өлкөлөр­гө жиберилүүчү атайын адамдардын өкүлдүгүн көрсөтө турган ишеним грамотасы – «диплома» деген бүктөлмө тактайдын атынан чыккан. Д-лык иштерди атайын элчиликтер, миссиялар же ишенимдүү убактылуу өкүл жүргүзөт. Д-нын негизги максаты – эл аралык аренада мамле­кеттин түпкү таламдарын коргоо.