ДИАХРОНИЯ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска
ДИАХРОНИ́Я (гр. dif – аркылуу ж-а chrjnos – убакыт) – тил тармагынын тарыхый өнүгүшү ж-а аны изилдөө ыкмаларынын жыйындысы; синхронияга карама-каршы түшүнүк. Тил илиминде Д. ж-а синхрония түшүнүгү тилди изилдөөдөгү эки мамилеге байланыштуу. Кээде Д-ны тарыхый-салыштырма тил илими м-н алмаштырышат. Бирок тарыхый-салыштырма тил илими көбүнчө тил тарыхынын мезгилдерин ж-а анын майда система түзүүчүлөрүн аныктоого байланыштуу болсо, Д. тил тармагындагы диахрондук өзгөрүүлөрдү иликтөөгө ж-а тилдердин өнүгүүсүндөгү негизги мыйзам ченемдүүлүктөрдү (универсалийлерди, константаларды) аныктоого, о. эле тилдин бир калыптан экинчи калыпка өтүүдөгү мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүнүн санын ж-а типтерин изилдөөгө багытталган. Тигил же бул тил тармагынын калыптануу жолун бир гана Д. аркылуу түшүнүүгө болот.