ДИАМАГНЕТИК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска
ДИАМАГНЕ́ТИК – сырткы магнит талаасында ага карама-каршы багытта магниттелген, б. а. диамагнетизмге ээ болгон зат. Сырткы магнит талаасы болбосо Д. магниттелбейт. Д-тин магниттик кабылдоочулугу дайыма терс ж-а сан мааниси б-ча өтө кичине болот (~10–6 – 10–5). Д-ке инерттүү газдар, газ түрүндөгү азот, суутек, жарым өткөргүч кристаллдар – Si, Ge, металлдар – Cu, Bi, Au, Ag ж. б. көптөгөн элементтер, о. эле орг. ж-а орг. эмес бирикмелер кирет. Д-ти илимге М. Фарадей киргизген (1845).