ДЕРБИШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска

ДЕРБИШ (фарсча dдrveš – сөзмө-сөз – жакыр, тентимиш) – дүнүйө-байлыктан кечкен, коом­дон өзүн бөлгөн, эмгектенбей, эл кыдырып, күн өткөргөн үй-жайы, бала-чакасы жок, дин ада­мы. Алар «Бул дүйнө – жалган дүйнө, чыныгы дүйнө тигил жакта, бул дүйнөдөн канчалык азап тартсак, тигил дүйнөдөн ошончолук жыргал көрөбүз» деген түшүнүк м-н жашашат. Д-тер дү­нүйө жыюуга, байлык топтоого, мансапка, өнөр үйрөнүп, аны жеке турмушу үчүн пайдаланууга эч кызыгышпайт, үй-бүлө күтүүгө умтулуш­пайт. Өздөрүнүн ушундай жашоосун «бейиш жолу» деп эсептешет.