ДЕПОЗИТ БАНКЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска

ДЕПОЗИ́Т БАНКЫ (англ. deposit bank‚ bank of deposit) – калктан салымдарды кабыл алуучу банк. Д. б. негизинен жеке адамдардын‚ ишка­налардын‚ мамл. уюмдардын убактылуу бош акча каражаттарын тартууга‚ анын эсебинен узак эмес мөөнөткө (адатта 3–6 айга) ссуда берүүгө адистештирилген‚ о. эле эсеп операция­ларында кыска мөөнөттүү коммерциялык век­селдер м-н ар түрдүү ишеним операцияларын да ишке ашыра алат.