ДЕПКИР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска
ДЕПКИР , ч ө ө л ү – ашкана буюму. Боорсок бышырууда, сорпонун чий көбүгүн алууда, чөбөгө сызгырууда, шак, курут, шакар кайнатууда, аларды аралаштырууда ж-а сүзүүдө пайдаланылат. Ал темирден жасалып, башы тегерек (диаметри 15–20 см) келип, бети калбырланат да, уз. 40–45 см жумуру же жалпак темир сабы болот. Сабынын кармалчу учуна жыгач же мүйүз бекитилип, илип коюш үчүн чагаракталат. Д. айрым жерде кепкир деп да аталат.