ДЕМИУРГ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска

ДЕМИУ́РГ (гр. demiurgos – уста, кол өнөрчү, жаратман) – 1) Байыркы Грекиядагы кол өнөр­чүлөр, эркин кесиптеги адамдар; 2) Платондун философиясында түзүүчү, алгачкы башталма. Д. дүйнөнү «жок нерседен» жараткан деген хрис­тиандык Кудайдан айырмаланып, реалдуу дүй­нөнү алгачкы хаостон же затбашаттан жарат­кан делет; теологияда Д. – Кудай, дүйнөнү жа­ратуучу деп кабылданган.