ДАӉГИ ОНИКС КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска
ДАӉГИ О́НИКС КЕНИ – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы оникс кооз ташы жаткан жер. Араван–Эски-Ноокат автомобиль жолунан 1,5 км чыгыш тарапта, Араван-Сай суусу Даӊги шаӊ- шаарына кошулган жерде. Кендеги мрамор оникси шаӊшаардын боорунда линза ж-а туюк карст үӊкүрлөрүндө уюма кыртыш түрүндө. Линзалардын уз. 5–8 м, калыӊдыгы 0,1–0,2 м. Түсү кызгылт, чанда жез сымал саргыч, жол-жол темгилдүү. Таш өтө кооз, блокторго жакшы бөлүнөт. Көркөм кооз буюмдарды жасаса болот.