ДАМПИНГ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска
ДА́МПИНГ (анг. dump – үймөк, ыпыр-сыпыр, таштанды) – океанга төгүлүп, көмүлгөн таштандылар. Д-дин негизги массасын булуӊдарда, бухталарда ж-а кысыктарда тереӊ казуу, кеӊейтүү иштерин жүргүзүүнүн негизинде топтолгон кыртыш түзөт. Андан тышкары ага тазалоочу жайлардын (жылына ондогон млн т) ж-а ө. ж. ишканаларынын катуу ж-а суюк таштандылары (млн тдай) да кирет. Жылына океанга жүздөгөн млн т таштанды төгүлөт. 1980-жылдарга чейин көптөгөн өлкөлөр Д-ди радиоактивдүү таштандыларды көмүү үчүн пайдаланган.