БЕСТСЕЛЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 февраль 2025, саат 08:55 учурдагы нуска

БЕСТСЕ́ЛЛЕР (англ. best – чоң, эң жакшы; sell – сатуу) – өтүмдүү, тез сатылып кетүүчү, көп нускада басылуучу китеп. Б-ди жарыялоо үчүн атайын орун бөлүнөт. Мис., Америкада китеп калктын 1%тен кем эмес бөлүгү тарабынан са­тылып алынганда гана Б. деп эсептелет. Б. сөзсүз түрдө эле өзүнүн көркөмдүк ж-а мазмундук са­паттары б-ча мыкты боло бербейт. Көп учурда китептин тездик м-н сатылып кетиши – жак-шы уюштурулган үгүттүк өнөктүккө да байла­ныштуу болот.