БЕЛУХА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 февраль 2025, саат 08:55 учурдагы нуска

БЕЛУ́ХА – Алтай тоосунун эң бийик чокулары. Катын кыркатоосунун чыгыш бөлүгүндө. Эки чокудан турат: Батыш Б. (бийикт. 4440 м) ж-а Чыгыш Б. (4506 м). Капталдарында жалпы аян­ты 70 км2ге жеткен мөңгүлөр (Менсу, Катын, Берель ж. б.) бар. Чокунун аты «кар-мөңгүлүү» деген мааниде.