БЕЛТИР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 февраль 2025, саат 08:55 учурдагы нуска

БЕЛТИР – хакастардын курамындагы этностук топ; 18-к-га чейин Абакандын оң жээгинен Ар­бат ж-а Табатка чейинки жерлерди байырлаш­кан кыргыздардын бир уруусу. Хакас оозеки чы­гармаларында алар 1703-ж. Жуңгарияга зордоп көчүрүлгөн кыргыздардын өз мекенине кайтып келген бөлүгү катары баяндалат. Орус жазма булактарында Б-лер 1635-жылдан белгилүү. Минуса ойдуңун Россия басып алгандан кийин Кытайдын Цин империясы м-н түзүлгөн Кяхта келишимине (1727) Б-лер да катышып, чегара­ны көзөмөлдөөгө укук алышкан. Б-лердин көп­чүлүгү тарыхый санжыраларды жакшы билишет ж-а 15–18 муунга чейин айтып бере алышат.


О. Каратаев.