БАКУ КОММУНАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 январь 2025, саат 13:34 учурдагы нуска

БАКУ КОММУНАСЫ - Бакуда ж-а Азербайжандын айрым аймактарындагы Совет бийлигинин (1918-ж. апрель - июль ) өкмөтүнүн аталышы. Өкмөттүн курамы большевиктерден ж-а солчул эсерлерден түзүлүп, Эл комиссарлар Советинин төрагасы С. Г. Шаумян болгон. Азербайжанда Совет бийлигин орнотуу аракети алгач ийгилик­сиз аяктап, Б. к. түрк ж-а англис аскерлери тара­бынан кыйратылган ж-а анын 26 жетекчиси (Баку комиссарлары - С. Г. Шаумян, М. А. Азизбе­ков, П. А. Жапаридзе, И. Т. Фиолетов ж. б.) «Бор­бордук Каспий диктатурасы» өкмөтү тарабынан туткунга алынып, 1918-ж. 20-сентябрда Закас­пийде атылган.