БАКАШОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 январь 2025, саат 13:34 учурдагы нуска

БАКАШОВА Жылдыз Кемеловна (26. 4. 1960-ж. т., Ысыккөл обл., Каракол ш.) - адабиятчы, журналист, педагог, филология илимд. доктору (1998). КМУнун журналистика бөлүмүндө

(1977-82) окуган. 1988-92-ж. КМУнун журналистика ф-тинде окутуучу, 2000-ж. аталган окуу жайда декан, 2003-ж. КР ТИМдин Дипломатия академиясынын проректору, 2005-жылдан Улут­тук китепкананын директору. Кыргыз ад-тына ж-а жаңы чет элдик ад-тка, о. эле кыргыз жур­налистикасынын тарыхына, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын көркөмдүгүн, поэтикасын тал­доого арналган 30дан ашуун ил. эмгеги, а. и. 2 монографиясы бар.
Эмг.: Сравнение и метафора в произведениях Чингиза Айтматова. Б., 1997; Художественное мастерство Ч. Айтматова. Б., 2000; Кыргыз журна­листикасынын тарыхы. Б., 2002; Журналистика жана коом. Б., 2003.