БАЙЛАДИЛА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 январь 2025, саат 13:34 учурдагы нуска
БАЙЛАДИЛА — Индиядагы темир кендүү ири аймак. Мадхья-Прадеш штатында. Байладила тоо тизмегинде, 1200-1250 м бийиктикте жогорку сорттогу темирдин (Ғе 65-69%) бир нече кени жайгашкан. Алардын ирилери: Байладила (жалпы запасы 1352 млн т), Жали-Ражхара (290 млн т), Ровгхат (237 млн т). 1958-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлүп, 1968-жылдан жер бетинен ачык казылып алынат. Кендер антиклиналдык зона м-н татаалданган синклиналдык структураларга топтолгон. Б. кенинде 150 м тереңдикке чейин 14 кенташ кабаты ачылган. Алардын уз. 900-1500 м, калыңдыгы 30-60 м (чанда 150 м).