ГРУЗИН ЖАЗУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

22 март 2024, саат 10:02 учурдагы нуска

ГРУЗИ́Н ЖАЗУУСУ – байыркы жазуулардын бири. Сакталып калган эӊ байыркы эстеликтери 5-к-га таандык. Г. ж. жаӊы доордун алгачкы кылымдарында Грузияга тараган арамей жазуусунан пайда болгон. Кийин Грузияга христиан дининин таралышына (болжол м-н 337-ж.) байланыштуу ж-а грек жазуусунун таасири м-н бир аз өзгөрүүгө дуушар болгон. Г. ж-нун байыркы жазуу (5–11-к.), жаӊы жазуу (11-к-дын ортосунан баштап) деген эки варианты бар, байыркысы «хуцури», жаӊысы «мхедрули» деп аталат. Китеп басуу пайда болгондон тартып, грузин алфавити бир системага түшкөн.