ВЯТКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
23 январь 2025, саат 02:24 учурдагы нуска
ВЯ́ТКА – Россиянын Киров обл. м-н Татарстандагы дарыя, Каманын оң куймасы. Уз. 1314 км, алабынын аянты 129 миң км2. Жогорку Кама дөңсөөсүнөн (Удмуртия) башталат. Көбүнчө түздүк аркылуу агат. Негизги куймалары: Кобра, Молома, Пижма (оң), Чепца, Кильмезь (сол). Орт. чыгымы 890 м3/сек. Ноябрдан майга чейин тоңот. Киров ш-нан, жазында Кирс пристанынан баштап кеме жүрөт. Сал агызылат. Боюнда Слободской, Киров-Чепецк, Киров, Орлов, Советск, Халтурин, Котельнич, Вятские Поляны ш. жайгашкан.