БИРДИК (Тогуз-Торо районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

22 январь 2025, саат 07:09 учурдагы нуска

БИРДИК – Жалал Абад облусунун Тогуз Торо районундагы кыштак. Көгирим айыл өкмөтүнө караштуу. Көгирим суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊгэлинен 1345 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 21 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 431 км. Калкы 1390 (2022); негизинен талаачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Б. Турдубаева туулган.