ООЗ КӨҢДӨЙҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

003 КӨҢДӨЙҮ- тамак сиңирүү системасынын башталыш бөлүгү. Жаныбарларда көп катмар­луу, айрымдарында мүйүз сымал катуу эпите­лийден турат. Омурткалуулардын жана кишинин О. к. алдынкы жана арткы бөлүктөн турат. Ооз­дун арткы бөлүгү алдынан жана эки жагынан тиш менен чектелип, арты көмөкөй тешиги аркылуу кулкунга өтөт. О. к-нүн үстүн катуу жана жум­шак таңдай, жаак, мууздоо жана тил булчуңу түзөт. Жумшак таңдай тил жана таңдай-кулкун булчундарынан турат. Ал булчундар О. к-нүн артындагы таңдай көшөгөсүн түзөт. Жумшак таңдайдын ортосунда кичине тил жайгашкан. Ооздун ичи былжырлуу чел менен капталган. Анда оозду жана тамакты нымдоо үчүн зарыл шилекей бөлүп чыгаруучу майда бездер, ошондой эле даам сезгич рецепторлор жайгашкан. Ооздо ту­руктуу микрофлора бар. Ал жугуштуу микроб­дорду өткөрбөөчү биол. тосмо болуп эсептелет.