ОН АРЧА (Нарын д-нын оң куймасы): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОН-АРЧА - Нарын д-нын оң куймасы; Нарын р-нунун аймагы аркылуу аккан суу. Узундугу 75 км, алабынын аянты 1570 км2. Башкы агымында Солтон-Сары жана Көк-Торпок деп аталат. Солтон-Сары Кара-Жорго жана Капка-Таш кырка тоолорунан, Көк-Торпок Нура тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Жылдык орт. чыгымы 9,92 м?/сек. Эң көп чыгымы июнь - июлда, азы декабрь - февралда байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартыла баштайт. Алабында аянты 10,6 км2 келген мөңгү болгон. Ири куймалары: Оттук (54 км), Эчки-Башы (21 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде ОнАрча, Миң-Булак кыш. жайгашкан. Боюнан таш доорунда жашаган адамдардын буюмдары табылган. Сууга Он-Арча ГЭСи жана каналы курулган. Канал чарбада пайдаланылып, Нарын р-нунун Эмгекчил, Куйбышев кыш. жана О.-А-нын сол өйүзүндөгү тектирлер өздөштүрүлүп жатат.