НЫМ САКТОО ТОКОЮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НЫМ САКТОО ТОКОЮ - ири дарыя, көл, суу сактагыч, каналдын боюндагы өзгөчө токой тилкеси. Ал суу балансын, гидрол. режимди, суунун сапатын жакшыртат, ошол жердеги топурак эрозиясын азайтат; аба массасынын ылдамдыгын басаңдатат, атм-да аба фронтун күчөтөт, аба конвекциясын күчөтүп, жаан-чачындын жаашын тездетет. Н. с. т-нун ыңгайлуу климатты түзүшү, ошол жердеги суу объектилеринин алабынан суунун агып кетишин токтотушу дарыя сууларынын мол болушуна, жер астындагы суулардын көбөйүшүнө алып келет.