НУТРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НУТРИЯ, с а з к у н у (МуосавЪог соуриз) - кемирүүчүлөр түркүмүнүн нутриялар тукумун­дагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 60 см, куйругу 45 см, салмагы 8 кгга жетет. Арткы бут манжалары сүзгүч жаргакча менен бириккен. Жүнү узун, кыл­кандуу, сур, күрөң түстө. Түштүк Американын тро­пик, субтропигин­де, өзөн жана көл жээгинде, саздарда кезигет. Тоңбогон

көлмөлөрдө жана кургакта жашайт. Сууда жакшы сү­зөт жана чумкуйт. Түнкүсүн жана күүгүмдө актив­дүү. Саз өсүмдүктөрүнүн бутагынан уя салат, ийин да казат. Жылына 2 жолу жүндүү, көзү көргөн 5-8 балдарын тууйт. Териси баалуу, эти желет. Териси жана эти үчүн колдо багылат.