НУСОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НУСОВ Владимир Ефимович [24. 7 (6. 8). 1908, Беларуссия, Кричев] - совет архитектору (1974). 1934-жылы Ленинград коммуналдык чарба институтун архитектура факультететин бүтүрүп, 1938-жылы чейин Минск ш-нда иштеген. Ошол эле жылы Кыргызстанга ке­лип, «Кыргызгипрокурулуш» институтунда имарат долбоорлоо боюнча башкы архитектор болгон. Н. Кыргызстандык шаарларынын генетикалык пландарынын долбоорлорун түзгөн. Негизги эмгектери: Фрун­зе ш-ндагы ат майдан жана а. ч. министрлиги­нин, Н. Г. Чернышевский атындагы респ. китепка­нанын (азыркы К. Баялинов атындагы балдар китеп­канасы), «Тюлпан» уй-тиричилик комбинаты­нын, ОМПИнин (азыркы ОшМУ) имараты. Н. Кыргыз ССР Арх. союзунун башкармасынын мучөсү. Кыргыз элинин байыркы архитектурасын изилдеген, аларды реконструкциялаган (мисалы, Манастын күмбөзү, 1970; Бурана, 1973).