НУЗКЕТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НУЗКЕТ - Чүй өрөөнүндөгү о. кылымдарга таандык шаар. Азырынча Н-тин орду так аныктала элек. Ибн Хордадбек боюнча Нузкат, ал-Мукаддасиде (к. Шам.с-ад-дин Абу Абдаллах Мухаммед) Нушкет, «Худуд ал-Аламда» Нункет деп берилсе, чыгыш таануучу С. Волин (20-к.) Нуркет, чехиялык географ В. Томашек (19-к.) Тумкет деп окууну сунуштаган. «Тан династиясынын тарыхында» (618-907) Дун-Цзянь деген ат менен жолугат. Кээ бир изилдөөчүлөрдүн (М. Байпаков, А. Н. Бернштам, П. Н. Кожемяко) пикиринде Н-ке Кара-Балта шаарындагы Шиш-Дөбө шаар калдыгы менен дал келет. Ал эми башка окумуштуулар (В. Томашек, В. В. Бартольд, А. Н. Самойлович ж. б.) аны Беловодск чеби деп эсептешет. Хордадбек боюнча Куландан Миркиге чейин 4 фарсах (6 кмге жакын), андан Асбарага да 4 фарсах, андан чоң кыштак Нузкатка чейин 8 фарсах болгон.
Ад.: Бернштам А. Н. Чуйская долина//Труды Семиреченской археологической экспедиции 1938-1941 годов. «Материалы и исследования по археологии СССР». 1950, №14; Кожемяко П. Н. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959.