НОРВЕГИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы нуска
НОРВЕГИЯ, Норвегия КоролдугуТүндүк Европадагы мамлекет. Скандинавия ж. а-нын батыш жана түндүк бөлүгүн ээлейт. Шпицберген архипелагы (Аюулуу а. кошо) жана Ян-Майен а. да Н-нын курамына кирет. Тун.-чыгышынан Баренц, түндүк-батышын Норвег жана туштүгүнөн

Түндүк деңиздери жана Скагеррак кысыгы чулгайт. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Швеция, Финляндия, Россия менен чектешет. Аянты 324,2 (аралдары менен 387) миң км2. Калкы 4,7 миллион (2009). Борбору - Осло ш. Администрациялык-аймактык жактан 19 фюлькеге бөлүнөт. Акча бирдиги - норвегия кронасы.
|
Ацминистрациялык-аймактык бөлүнүшү (2010) |
|||
|
Фюлькелери (райондору) |
Аянты, мин км2 |
Калкы, миң |
Администрациялык борборлору |
|
Нурланн |
38,46 |
236,3 |
Будё |
|
Тромс |
25,87 |
155,5 |
Тромсё |
|
Финнмарк |
48,62 |
72,7 |
Вадсё |
|
Нур-Трёнделаг |
22,41 |
129,0 |
Стейнхьер |
|
Сёр-Трёнделаг |
18,85 |
278,8 |
Тронхейм |
|
Мёре-ог-Ромсдал |
15,12 |
245,4 |
Молде |
|
Сонг-ог-Фьюране |
18,62 |
106,2 |
Лейкангер |
|
Хордаланн |
15,46 |
456,7 |
Берген |
|
Ругаланн |
9,38 |
404,6 |
Ставангер |
|
Осло |
0,45 |
590,0 |
Осло |
|
Акерсхус |
4,92 |
509,2 |
Осло |
|
Эстфолл |
4,18 |
262,5 |
Сарпсборг |
|
Бускеруд |
14,91 |
247,7 |
Драммен |
|
Вестфолл |
2,22 |
223,8 |
Тёнсберг |
|
Телемарк |
15,3 |
166,2 |
Шиен |
|
Хедмарк |
27,39 |
188,7 |
Хамар |
|
Оппланн |
25,19 |
183,0 |
Лиллехаммер |
|
Эуст-Агдер |
9,16 |
104,8 |
Арендал |
|
Вест-Агдер |
7,28 |
163,7 |
Кристиансанн |
Н. - БУУнун (1945), НАТОнун (1949), Европа (1949), Түндүк (1952) кеңештеринин, ЭВФтин (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа эркин соода ассоциациясынын (1960), Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюмунун (1960) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Н. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - конституциялыкпарламенттик монархия. Мамлекет жана өкмөт башчысы - король. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу
парламент (Стортинг). Аткаруу бийлигин премьерминистр баштаган өкмөт ишке ашырат. Негизги саясий партиялары: Норвег жумушчу партиясы, Прогресс партиясы, Консервативдик партия, Социалисттик солчул партия, христиандык-демокр. партия ж. б.
Табияты. Н. - тоолуу өлкө. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Скандинавия тоолору (эң бийик жери - Гальхёпигген чокусу, бийиктиги 2469 м) ээлейт. Норвег жана Түндүк деңиздеринин жээктери фьорддор (Согне-фьорд, Хардангер-фьорд ж. б.) менен тилмеленген. Өлкөнүн аймагынын 39 мин клг2и 1000 лгден жогору, 91 миң «Л42и 500- 1000 лг бийиктикте, калганы бийик тоолор жана саздак жерлер. Климаты (жылуу Гольфстрим агымынын таасири чоң) деңиздик мелүүн: жайы
салкын, кышы жумшак. Эң четки түндүктө субарктикалык. Январдын орт. температурасы -12ден 2°Сге чейин; июлдуку 6-15°С. Жылдык жаанчачыны 300-3000 мм. Дарыялары көп, бирок тоңбойт. Гидроэнергияга бай. Ирилери: Гломма, Логен, Бегна; эң чоң көлү - Мьёса. Өлкөнүн аймагынын 21%тен ашыгын токой каптап жатат. Ийне жалбырактуу тоо токою басымдуу. Түштүгүндө жазы жалбырактуу, түндүгүндө тоо жана токой тундрасы өсөт. Топурагы - тундра топурагы. Көптөгөн канаттуулар деңизге тик түшкөн аскалардын коңулдарын уялашып, канаттуулар базарын түзөт. Кара кур, керең кур жана чилдер мекендешет. Кен байлыктары: темир, никель, жез, молибден, кобальт, күмүш, газ, нефть ж. б. Улуттук парктары: Бергефьелль,
Түштүк Шпицберген, Түндүк-Чыгыш Свальбард ж. б.
Калкы. Калкынын негизин норвегдер (95%) түзөт. Ошондой эле саамдар, квендер, финндер, шведдер, дандар ж. б. улуттар да жашайт. Расмий тили - норвег тили. Калкынын 87,8% и лютеран динин тутат. Калгандары ж. б. протестант менен католиктер. Орт. жыштыгы 1 клгте 14 киши (2004). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники -74 жаш, аялдарыныкы - 81. Төрөлүүнүн денгээли төмөн (1000 кишиге 12,86), өлүм-житим орт. (ЮООге 10,35). Жаш балдардын өлөмү төмөн (ЮООге 6,1). Шаар калкы 77% (2008). Ири шаарлары: Ставангер, Берген, Тронхейм ж. б.
Тарыхы. Н. аймагын адам болжол менен биздин заманга чейинки 2-мин жылдыктан мекендеген. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосунда Түштүк Скандинавиядан келген герман уруулары жергиликтүү калк менен аралашып кеткен. 9-10-к-да Н-да саясий жактан биригүү башталып, 11-13-к-да алгачкы феодалдык мамлекет калыптанган. Н. 1262-жылы Исландияны каратып, Гренландияны басып алууга аракеттенген. 14-к-дан Швеция менен Даниянын Н-га карата экспансиясы башталып, 1380-жылы түзүлгөн Уния боюнча Данияга саясий-экономикалык жактан көз каранды болгон. 1536-жылдагы реформация боюнча Н. 1537-жылы (ага чейин королдук статусун сактап келген) Даниянын провинциясына айланган. Феодалдык эзүүгө жана дандардын
кысымына каршы 15-к-дын ортосу - 16-к-дын башында дыйкандар көтөрүлүшү чыккан. 17-кдагы Дания-Швеция согушунун натыйжасында Н-нын айрым аймактары Швецияга өткөн. 17- к-дын аягы - 18-к-дагы экономикалык жогорулоого байланыштуу Н-да шаардык буржуазия калыптанып, Н-ны Даниядан бөлүү талабы менен чыгышкан. Киль тынчтык келишими (1814) боюнча Н. Даниядан Швецияга өткөн.

1814-1905-жылы
Швеция-Норвегия униясынын учурунда Н. көз карандысыздык алып, өлкө ичинде өз алдынчалыкка жеткени менен жекече тышкы саясат жүргузө алган эмес, чарбасы бир жактуу өнүгүп. империалисттик державалардын коштондусунг айланган. Н. 1-дүйнөлүк согуш учурунда бейтарап саясат жүргүзгөн. Н-ны 1940-жылы Германия басып алган. 1944-жылы октябрда Советтик Армия Түндүк Н-ны бошоткон. 1945-жылы бийликке Н. Жумушчу партиясы баштаган өкмөт келген. Ал Англия менен АКШга таянып, батыш державалардын саясий, экономикалык жана согуштук блокторуна, 1948-жылы «Маршалл планына», 1949-жылы НАТОгс кирген. 1970-жылдын башында өлкөдө социалдык жана экономикалык теңсиздикке байланышкан нааразылыктар күчөп, жаңы партиялар пайда болгон. 1975-жылдан өлкөнү парламенттик азчылыкка таянган социал-демокр. өкмөт башкаРУУДа.
Экономикасы. Н. — экономикасы жог. деңгээлде өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 273,1 миллиард АКШ долларын (2009) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 58,6 миң доллардан туура келет. Дүйнөдө калкынын жашоо деңгээли өтө жогору. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 2007-жылы 142,7 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 95%тен көбү ГЭСке туура келет. Нефть (дүйнөдө 11-орунда), жаратылыш газы (5-орунда), таш көмүр, темир, жез, цинк, коргошун, никель, молибден, күмүш, гранит, мрамор ж. б. казылып алынат. Ө. ж-нын алдынкы тармактары: машина куруу (деңизде нефть бургулоочу платформалар, кеме гидравлика турбиналары, балык тазалоочу жабдуулар, электр-
техникалык, электроника ж. б), электр-металлургия (сырттан алынып келинген сырьёдон алюминий, никель, магний, цинк эритилип алынат), химиялык (боёочу жана жуучу каражаттар ж. б.), жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, тамак-аш (суусундуктар, тамеки). А. ч-нын негизин мал чарбачылыгы (сүт багытындагы бодо мал, кой) түзөт.
Негизги азыгы - картөшкө. Дан эгиндери, чөп айдалат. Водо мал, кой ж. б. асыралат. Балык уулоо боюнча дүйнөдөгү алдынкы 10 өлкөнүн бирөө (жылына
2,4 миллион т\ айна көз, сайда, треска кармалат). Жасалма жол менен балык (жилингир, сом; жылына 0,8 миллион гдан ашык) көбөйтүлөт. Деңиз продуктулары даярдалып, балык беленделип сыртка чыгарылат. Автомобиль жолунун узундугу 93,0 миң км (2009; анын ичинде асфальтталганы 72,0), т. ж-нуку 4,1. Ири порттору: Осло, Берген ж. б. Сыртка нефть (дүйнөдө 5-6-орунда), газ (3-орун; Н-нын экспортунун 68%ин түзөт), түстүү металл (алюминий, магний ж. б.), химикаттар, кеме, машина ж. б. чыгарылат. Негизги соода шериктери: Улуу Британия, Германия, Швеция, Нидерланд, Франция ж. б.
Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, толук орто, атайын жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу акысыз. 1993-жылдан окутуунун сапатын жогорулатуу реформасы жүргузүлгөн. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 91% ти түзөт (2013). ЖОЖдору, ири илимий мекемелери, китепкана, музейлери бар.
Массалык-маалымат каражаттары. Коомдуксаясий жана маданий агартуу ири гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруу 1951-жылдан, телекөрсөтүү 1953-жылдан, ошондой эле маалымат агенттиги 1968-жылдан иштейт.
Адабияты. Н. адабияты негизинен байыркы исланд адабияты менен тыгыз байланышта өнүккөн. 12- 13-к-да скальд менен тарыхчылардын чыгармалары, феодализм доорунда христиан динине сугарылган адабият өкүм сүргөн, Реформация жылдары диний лирика пайда болгон. Эл турмушун П. Дасс (17-к.) чебер сүрөттөсө, 18-к-да буржуазиялык агартуу идеясы К. Туллиндин поэмаларында таасын чагылдырылган. Н. Жазуучулар союзу 1893-жылы түзүлгөн. 90-жылдардын башында импрессионисттик мүнөздөгү лирика кеңири тараган (С. Обстфеллер, В. Краг). 1900-жылдардын башында адабиятта реализм басымдуулук кылган. 20-к-дын башында саясий окуялардын (Н. 1905-жылы Швецияга көз карандылыктан кутулган) таасиринде жазуучулар көркөм чыгармаларды жаратышкан. Ошол мезгилде Н. адтында символизм, импрессионизм, натурализм багыттары пайда болгон. Сигрид Унсеттин маанилүү темаларынын бири - аялдык эмансипациянын проблемалары. 0. эле Я. Кристенсен, К. Эльстер кичүүсү, Р. Ёльсен ж. б. жазуучулар келишкен. Драматургияда Борген («
Андерсендер»), Т. Скагестадан («Дениз жээгиндеги шаар», 1962) ж. б. эмгектенишкен. А. Хьелланна «Ал жок деп айтты» деген пьесасында социалдык баа берүү менен согушка каршы чыкса, Бьёрнебу «Чымчыктарды сүйүүчүлөр» пьесасында фашизмдин кайра жаралуусуна каршы болгон. X. Хагеруп «Кечки күндүн адамы» (1962) жана «Мышык сепили» (1967) пьесаларын экспрессионисттик маанайда жазган.
Архитектура жана сүрөт искусствосу. Н-да неолит жана коло доорундагы таштарга чегилген байыркы сүрөт-чиймелер эсептелет. Архитектуранын өнүгүү башаты 11-13-к-га таандык. 12-14-к-да англиялык роман (Ставангердеги собор, 12-к.) жана готика (Тронхеймдеги собор, 12-к.) архитектурасынын таасиринде таш архитектурасы калыптанган. Көз карандылык, экономиканын начарлашы 14- 16-к-да Н-нын көркөм маданиятын төмөндөткөн. 16- к-дын 2-жарымынан Н. даниялык провинциянын статусун алгандан кийин айрым экономикалык өсүш башталып, Германия, Нидерланд, Англия ж. б. европалык өлкөлөр менен соода байланышы кенийт. Ошол учурда Кайра жаралуунун архитектурасынын элементтери (Берген шаарындагы Розенкранц сепили, 1562-68) байкала баштайт. Алар айрыкча 17-к-да норвег ак сөөктөрүнүн ири поместьелеринде короо жайларынан [Эрланндагы Эустрот усадьбасы, 1654-56, арх. У. Бьелке (1611-74); Хардангер-фьордго жакын жердеги Розендаль усадьбасы, 1661-65, арх. Розенкранц (1628-85)]
ачык көрүнгөн. 18-к-да барокко жана рококо архитектурасынын белгилери үстөмдүк кыла баштайт. 18-к-дын аягы - 19-к-дын башында архитектурада эрте классицизмдин чыгармалары пайда болот. 19- к-дын 2-жарымында Н-нын арх-сында Европанын башка өлкөлөрүндөгүдөй эле эклектика басымдуулук кылган: Ослодогу Стортингдин имараты (1866, швед архитектору Э. В. Ланглет, 1824-98). Н-га олуттуу талкаланууну алып келген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин курулуш негизинен турак үйлөрдү тургузууга, ө. ж. ка-

Музыкасы. Н-нын профессионалдык музыкалык исквосу негизинен норвег. фольклорунун негизинде, 19-к-дагы улуттук-боштондук кыймылга байланыштуу өнүккөн. Викингдер, скальддар, рыцарлар, биринчи королдор жөнүндө лирикалык-эпикалык ырлар (12-16-к.) сакталып калган. О. кылымдык чиркөө музыкасы Н-да европалык музыканын таасирдин нугуңда өнүккөн. 16-к-да элдик ырчылардын - зингмейстерлердин искусствосу тараган. 14-16-к-да Н. Даниянын бийлиги астында турган кезинде улуттук кесипкөй искусство дээрлик өнүкпөй калган. Биринчи көрүнүктүү музыканттары - органист жана дирижёр Ф. Грот, композитор А. Флингенберг, органист Ф. Фогель (18- к-дын 2-жарымы - 19-к-дын башы). 1850-60- жылдары улуттук музыкалык мектеп түзүлө баштайт; анын негиздөөчүлөрү: X. Хьерульф - норвег романсын түзүүчү; У. Булль - композитор-импровизатор жана виртуоз-скрипкачы; Р. Нурдрок - улуттук музыканы жайылтуучу, улуттук гимндин автору. Ушул музыканттардын ишмердиги норвег музыкасынын классиги, композитор Э. Григдин чыгармачылыгынын гүлдөшүнө өбөлгө болгон. 1950-жылдар норвег композитор-авангардисттердин тобу пайда болгон: Б. Фонгар, Ф. У. Арнестад, А. Нурхейм, А. Янсон. Н-да 8 музыкалык бирикме, анын ичинде Норвегия композиторлор союзу, Музыка маселери боюнча комитет, Ослодо Норвег операсы (1958-жылдан), 2 консерватория - Ослодо жана Бергенде симфониялык оркестр ж. б. иштейт, музыкалык фестивалдар (1953-жылдан) өткөрүлүп турат.
Театры. Улуттук театрынын башаты - диний жана турмуш үрп-адаттарында жатат. 18-к-дын ортосунда Кристианиде (азыркы Осло) жана Бергенде алгачкы театр труппалары пайда болгон. 1780-жылы Кристианиде дайыма иштеген театр түзүлүп, У. Шекспирдин, К. Гольдонинин пьесалары, ошондой эле улуттук театрдын
башында турушкан Б. Анкердин жана Э. Фаллесендин театрлаштырылган прологдору коюлган. 1850-жылы Бергенде Норвег театры ачылып, аны драматургдар Г. Ибсен, анан Б. Бьерсон жетектешкен. Бул театрдын ишмердиги кийинки Н. улуттук театр искусствосунун гүлдөшүнө алып келген. 1899-жылы Ослодо улуттук театр түзүлүп, анын репертуарында көрүнүктүү орунду Г. Ибсен менен Б. Бьёрнсондун драмалары, У Шекспир, Ф. Шиллер, Ю. А. Стринберг, Б. Шоу ж. б. драматургдардын чыгармалары ээлеген; труппага атактуу норвег актёрлору (X. Кристенсен, А. Одвар, X. Стурмоэн, Д. Кнудсен, X. Обель, Г. Григ, Т. Сегельке, А. Маурстад, А. Мувинкель, Ю. Дюбвад ж. б.) кирген. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында Кристианиде, Бергенде, Тронхеймде, Ставангерде жаңы театрлар ачылган. 20-30-жылдарда мыкты театр коллективдери X. Крогдун жана коммунист-жазуучу Н. Григдин буржуазияга каршы драмаларына кайрылышкан. Н-нын театрларынын сценаларында советтик драматургдардын да (М. Горький, А. Г. Глебов ж. б.) чыгармалары пайда болгон.
Киносу. Фильмдерди чыгаруу 1908-жылы башталган. Биринчи киностудиясы 1916-жылы уюшулган. 30-жылдары курч социалдык жана этикалык проблемаларды чагылдырылган фильмдер пайда болгон, мисалы, «Селсаяк» (1934), «Экөө тирүү, бирөө өлгөн» (1937). Фашисттик оккупациянын учурунда бийликтегилер кинону нацисттик пропаганданын куралы кыла алышкан эмес. 2- дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин Н. киноисквосунун жетишкендиктери каршылык көрсөтүүгө арналган, оккупанттарга каршы кино тасмаларды коюу менен байланышкан: «Биз жашагыбыз келет» (1946, реж. У. Дальгар), «Качкындар» (1946, реж. Г. Саннё), «Оор суу үчүн салгылаш» (1948, реж. Т. Вибе-Мюллер). 1968-жылы норв. кинематографисттери советтик-норвегиялык биргелешкен «Болгону бир өмүр» (реж. С. Г. Микаэлян) аттуу фильмди тартууга катышышкан. Өлкөдө документалдык, илимий-популярдык (реж. П. Хест, А. Берг, Я. Викборг, Т. Хейердал) жана мультипликациялык кино (реж. И. Каприно) тартуу өнүккөн. 1955-жылдан Ослодо улуттук киноархив иштейт.
Дц.: История Норвегии. М., 1980.








