МУЗДАТУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУЗДАТУУ - </strong>азык-түлүк технологиясынын өзүнчө тармагы. Азык-түлүк консервалоодо кургатуу, туздоо, ыштап сүрсүтүү, антисептик заттар, кант, пастерлөө <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> стерилдөө ыкмалары колдонулат. Алар азыктардын сапатын төмөндөтөт, түсүн, даамын, аш болумдуу касиетин | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУЗДАТУУ - </strong>азык-түлүк технологиясынын өзүнчө тармагы. Азык-түлүк консервалоодо кургатуу, туздоо, ыштап сүрсүтүү, антисептик заттар, кант, пастерлөө <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> стерилдөө ыкмалары колдонулат. Алар азыктардын сапатын төмөндөтөт, түсүн, даамын, аш болумдуу касиетин өзгөртөт <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> витаминдерин бузат.</p>Тез бузулуучу азыктарды <em>консервалоо</em> ыкмаларынын натыйжалуусу - муздатуу. Азык муздатууда микроорганизмдердин тиричилик аракети төмөндөйт <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> ферменттердин активдүүлүгү акырындайт. Ал муздатылган (<abbr data-short="темп-ра" data-full="температура" data-extended="true">температура</abbr>сы 0+4°Сге чейин), тондурулган (<abbr data-short="темп-ра" data-full="температура" data-extended="true">температура</abbr>сы -0,5+-2,5°С) <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> дефростацияланган (тоңу кеткен) болуп айырмаланат. Муздатууда муздаткыч заттар колдонулат. Эт, жумуртка, жемиш, сүттөн жасалган <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> кондитер азыктары аба <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr>, балык, куш эти суюктук <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr>, сүт, каймак, шире, шарап жылуулук алмаштыргыч аппаратта суюктук <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> муздатылат, ал эми муздун жардамы <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> бөтөлкөдөгү ичкилик <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> жашылча муздатылат. Узакка сактоо үчүн азык-түлүк -23°С <abbr data-short="темп-ра" data-full="температура" data-extended="true">температура</abbr>да тоңдурулат. Сактоодо азыктардын сапатын жогорулатуу үчүн ультракызгылт көк, иондоштурулган нурларга кармоо, атайын идиш <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> соргуч материал, көмүр кычкыл газы, озон <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> антибиотиктер колдонулат. Ушул чараларды муздатуу <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> айкалышта пайдаланганда азыктардын сактоо мөөнөтүн узартууга болот. | ||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
26 ноябрь 2026, саат 07:23 учурдагы соңку нуска
МУЗДАТУУ - азык-түлүк технологиясынын өзүнчө тармагы. Азык-түлүк консервалоодо кургатуу, туздоо, ыштап сүрсүтүү, антисептик заттар, кант, пастерлөө жана стерилдөө ыкмалары колдонулат. Алар азыктардын сапатын төмөндөтөт, түсүн, даамын, аш болумдуу касиетин өзгөртөт жана витаминдерин бузат.
Тез бузулуучу азыктарды консервалоо ыкмаларынын натыйжалуусу - муздатуу. Азык муздатууда микроорганизмдердин тиричилик аракети төмөндөйт жана ферменттердин активдүүлүгү акырындайт. Ал муздатылган (температурасы 0+4°Сге чейин), тондурулган (температурасы -0,5+-2,5°С) жана дефростацияланган (тоңу кеткен) болуп айырмаланат. Муздатууда муздаткыч заттар колдонулат. Эт, жумуртка, жемиш, сүттөн жасалган жана кондитер азыктары аба менен, балык, куш эти суюктук менен, сүт, каймак, шире, шарап жылуулук алмаштыргыч аппаратта суюктук менен муздатылат, ал эми муздун жардамы менен бөтөлкөдөгү ичкилик жана жашылча муздатылат. Узакка сактоо үчүн азык-түлүк -23°С температурада тоңдурулат. Сактоодо азыктардын сапатын жогорулатуу үчүн ультракызгылт көк, иондоштурулган нурларга кармоо, атайын идиш жана соргуч материал, көмүр кычкыл газы, озон жана антибиотиктер колдонулат. Ушул чараларды муздатуу менен айкалышта пайдаланганда азыктардын сактоо мөөнөтүн узартууга болот.