География:КАРАКЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
disc_geo>KadyrM No edit summary |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
КАРАКЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Нарын облусунун Жумгал р-нундагы ичүүгө жарамдуу минералдуу муздак суу булактары. Чаек кыш-нан 40 км түш. тарапта, Каракече суусунун оң куймасы Катраңайдын боюнда, деңиз деңг. 3100 м бийиктикте жайгашкан. 1947-ж. табылып, 1960–66-ж. изилденген. Булактар карбон мезгилинин акиташ тектери м-н юранын көмүрлүү чополорунун чегиндеги тектон.жаракалардан агып чыгат. К. м. с. көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан муздак сууларга кирет. Суу тунук, жыт сыз, газдуу, даамы кычкыл, темп-расы 3– 4°С. Булактардын дебити 0,35–0,4 л/секдан 1,0– 1,5 л/секга чейин. Хим. составы бча гидрокарбонат-сульфат-кальц ий-магнийлүү. Эриген түрүндөгү СО2 өлчөмү 1568–2335 мг/л. Жалпы минералданышы 2,6480 г/л; кургак калдыгы 1,8110 г/л. К.м. с-нун дарылык касиети Кавказдагы көмүр кычкыл газдуу нарзан сууларынан кем эмес. Сууну ичүү м-н жергиликтүү эл ичеги-карын, ашказан ооруларын дарылоого пайдаланат. | |||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска
КАРАКЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Нарын облусунун Жумгал р-нундагы ичүүгө жарамдуу минералдуу муздак суу булактары. Чаек кыш-нан 40 км түш. тарапта, Каракече суусунун оң куймасы Катраңайдын боюнда, деңиз деңг. 3100 м бийиктикте жайгашкан. 1947-ж. табылып, 1960–66-ж. изилденген. Булактар карбон мезгилинин акиташ тектери м-н юранын көмүрлүү чополорунун чегиндеги тектон.жаракалардан агып чыгат. К. м. с. көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан муздак сууларга кирет. Суу тунук, жыт сыз, газдуу, даамы кычкыл, темп-расы 3– 4°С. Булактардын дебити 0,35–0,4 л/секдан 1,0– 1,5 л/секга чейин. Хим. составы бча гидрокарбонат-сульфат-кальц ий-магнийлүү. Эриген түрүндөгү СО2 өлчөмү 1568–2335 мг/л. Жалпы минералданышы 2,6480 г/л; кургак калдыгы 1,8110 г/л. К.м. с-нун дарылык касиети Кавказдагы көмүр кычкыл газдуу нарзан сууларынан кем эмес. Сууну ичүү м-н жергиликтүү эл ичеги-карын, ашказан ооруларын дарылоого пайдаланат.