География:ЧЕГЕДЕК МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
disc_geo>KadyrM No edit summary |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
ЧЕГЕДЕК МӨҢГҮСҮ — Ысыккөл өрөөнүндөгү татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. | |||
Тескей Алатоонун бир тармагы – Сарытөр тоосунун түн. капталында, Тамга суусунун алабында жайгашкан. Уз. 2,9 км, аянты 3,6 км2. Башы деңиз деңг. 4350 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3940 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. | Тескей Алатоонун бир тармагы – Сарытөр тоосунун түн. капталында, Тамга суусунун алабында жайгашкан. Уз. 2,9 км, аянты 3,6 км2. Башы деңиз деңг. 4350 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3940 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. | ||
Мөңгү эки камералуу цирктен башталып, анын батыш ж-а түн. капталдары жука фирн катмары м-н капталган, ал эми жон бөлүгүнүн айрым жеринде кар катмары дээрлик жатпайт. Мөңгүнүн бети тегиз, «тилинде» орто морена жатат. «Тилинин» оң жак бөлүгү морена сыныктары м-н жабылган. Каптал мореналар «тилинен» 150 м төмөндө байкалат. Мөңгүдөн Тамганын оң куймасы Чегедек суусу башталат. | Мөңгү эки камералуу цирктен башталып, анын батыш ж-а түн. капталдары жука фирн катмары м-н капталган, ал эми жон бөлүгүнүн айрым жеринде кар катмары дээрлик жатпайт. Мөңгүнүн бети тегиз, «тилинде» орто морена жатат. «Тилинин» оң жак бөлүгү морена сыныктары м-н жабылган. Каптал мореналар «тилинен» 150 м төмөндө байкалат. Мөңгүдөн Тамганын оң куймасы Чегедек суусу башталат. | ||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска
ЧЕГЕДЕК МӨҢГҮСҮ — Ысыккөл өрөөнүндөгү татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Тескей Алатоонун бир тармагы – Сарытөр тоосунун түн. капталында, Тамга суусунун алабында жайгашкан. Уз. 2,9 км, аянты 3,6 км2. Башы деңиз деңг. 4350 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3940 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. Мөңгү эки камералуу цирктен башталып, анын батыш ж-а түн. капталдары жука фирн катмары м-н капталган, ал эми жон бөлүгүнүн айрым жеринде кар катмары дээрлик жатпайт. Мөңгүнүн бети тегиз, «тилинде» орто морена жатат. «Тилинин» оң жак бөлүгү морена сыныктары м-н жабылган. Каптал мореналар «тилинен» 150 м төмөндө байкалат. Мөңгүдөн Тамганын оң куймасы Чегедек суусу башталат.