География:АРПА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
disc_geo>KadyrM No edit summary |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
АРПА – Атбашы р-нундагы суу, Алабуга суусунун (Нарындын сол куймасы) негизги курамы. Уз. 65 км, алабынын аянты 347 км2. Торугарт кырка тоосунун түн.чыгышынан агып чыккан Музтөр суусуна, Атбашы кырка тоосунун батыш бөлүгүнөн башталган Карасуу суусу кошулуп, Жамантоо суусун түзөт. Жамантоо чыгыштан батышка карай Арпа өрөөнү аркылуу агып, ага сол тарабынан Чоң Каракаман, Кичи Каракаман ж-а Каракол, оң тарабынан Кожогул, Жамандаван суулары кошулгандан кийин А. аталат. Батышта Арпанын Алатоосунан түндүккө карай кууш капчыгай аркылуу агып, Бычан суусу кошулуп, Алабуганы түзөт. Жылдык орт. чыгымы 12 м3/сек. Июнда кирип, октябрда тартылат. Өрөөнү жайыт. | |||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска
АРПА – Атбашы р-нундагы суу, Алабуга суусунун (Нарындын сол куймасы) негизги курамы. Уз. 65 км, алабынын аянты 347 км2. Торугарт кырка тоосунун түн.чыгышынан агып чыккан Музтөр суусуна, Атбашы кырка тоосунун батыш бөлүгүнөн башталган Карасуу суусу кошулуп, Жамантоо суусун түзөт. Жамантоо чыгыштан батышка карай Арпа өрөөнү аркылуу агып, ага сол тарабынан Чоң Каракаман, Кичи Каракаман ж-а Каракол, оң тарабынан Кожогул, Жамандаван суулары кошулгандан кийин А. аталат. Батышта Арпанын Алатоосунан түндүккө карай кууш капчыгай аркылуу агып, Бычан суусу кошулуп, Алабуганы түзөт. Жылдык орт. чыгымы 12 м3/сек. Июнда кирип, октябрда тартылат. Өрөөнү жайыт.