География:АБШЫРСАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
– Ош облусунун Ноокат р-нундагы табигый кооз жер. Райондун борбору Эски Ноокаттан 25–26 км аралыкта. Абшырсай суусу Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшүп, адырларга өтөөрдө акиташ тектеринен түзүлгөн аскаларды кесип агып, тар ж-а терең капчыгайды пайда кылат. Капчыгайдын таманынын жазылыгы 20 мдей, уз.2 км, салыштырма бийикт. 600–800 м, абс.бийикт. 1800–1900 м. Өрөөндүн таманынан 30–35 м бийиктикте, капчыгайдын оң капталындагы диаметри 2 м келген үңкүрдөн булак атырылып чыгып (чыгымы 0,3 м3/секга жакын), эки баскычтуу шаркыратманы пайда кылат. Биринчи баскычтын бийикт.15 мден ашык, экинчиси 11–12 м. Өрөөндөгү сууга салыштырганда шаркыратманын суусу тунук, муздак, кальций, магнийге бай. Суу жер астындагы карсттык көлмөнүн бир четиндеги жарака м-н жыл бою бир калыпта сыртка чыгат. А. шаркыратмасынын тегереги өзгөчө кооз, суу жээктей бадалдар өсөт; алардын арасына тал-терек, мөмө дарактары тигилген.
АБШЫРСАЙ (иран тилдеринде: 1) об/аб – суу, шир – сүт, кырг.– сай; ак көбүктөнгөн суу; 2) обшир – шаркыратма; шаркыратмалуу сай) – Ош облусундагы суу. Карадарыянын алабында. Уз. 62 км, алабынын аянты 230 км2. Кичи Алай кырка тоосунан башталат. Жогорку бөлүгүндө кууш ж-а терең капчыгай аркылуу агып, Найман кыш-нан кийин Фергана өрөөнүнө чыгат.
Мурдагы колхозчулардын эс алуу үйү бар.
Төмөнкү агымы Жылгынсай аталат. Ортоңку агымында Абшырсай шаркыратмасы, 89 чакан куймасы бар, ирилери: Маляран, Ширан ж. б. Жылдык орт. чыгымы 1,68 м3/сек; эң көбү 13,0 м3/сек, эң азы 0,51 м3/сек. Сугатка пайдалангандыктан Карадарыяга жетпейт. Боюнда Көтөрмө, Найман кыш. жайгашкан.
Шаркыратманы даана көрүш үчүн капчыгайдын эки капталына бетон тепкичтер ж-а тектирчелер курулган.

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

АБШЫРСАЙ (иран тилдеринде: 1) об/аб – суу, шир – сүт, кырг.– сай; ак көбүктөнгөн суу; 2) обшир – шаркыратма; шаркыратмалуу сай) – Ош облусундагы суу. Карадарыянын алабында. Уз. 62 км, алабынын аянты 230 км2. Кичи Алай кырка тоосунан башталат. Жогорку бөлүгүндө кууш ж-а терең капчыгай аркылуу агып, Найман кыш-нан кийин Фергана өрөөнүнө чыгат. Төмөнкү агымы Жылгынсай аталат. Ортоңку агымында Абшырсай шаркыратмасы, 89 чакан куймасы бар, ирилери: Маляран, Ширан ж. б. Жылдык орт. чыгымы 1,68 м3/сек; эң көбү 13,0 м3/сек, эң азы 0,51 м3/сек. Сугатка пайдалангандыктан Карадарыяга жетпейт. Боюнда Көтөрмө, Найман кыш. жайгашкан.