География:ЧУҢКУРЧАК ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
ЧУҢКУРЧАК ӨРӨӨНҮ Кыргыз Алатоосунун түн. капталында. Аламүдүн ж-а Аларча капчыгайларынын аралыгындагы кооз өрөөн. Уз. 26 км. Аянты 97 км2. Деңиз деңг. 2200 м бийиктикте жайгашкан.
ЧУҢКУРЧАК ӨРӨӨНҮ Чандалаш кырка тоосунун түш.-чыгыш капталында. Чаткал д-нын оң куймасы Чуңкурчак суусунун өрөөнү. Деңиз деңг. бийикт. 1770 мден 2350 мге чейин. Рельефи адыр-будур, уңкул-чуңкулдуу. Өрөөндүн айланасы, дөбөлөр м-н курчалган. Алардын арасындагы көптөгөн чуңкурчактардын айрымдарын чакан көлдөр ээлейт. Тоонун түбүндөгү эки кенен чуңкурчак (Бакмал, Жанышкөл) соолгон көлдөрдүн орду, Алардан ылдый (2170 м бийиктикте) Аккөл, Сүйрүкөл, Камыштыкөл, Коголукөл, Кечиккөл, Казандуукөл сыяктуу топ көлдөр тизилип жатат. Булардын уз. 50–60 мден 350 мге чейин. Жээктеринде түрдүү өсүмдүктөр өсөт: бак-дарак (терек, кайың, тал, итмурун ж. б.), камыш, жекен, өлөң чөп, өйдөрөөк жерлерде аюучачы, буйра шашыр, чайыр, арча ж. б.
Өрөөндү курчаган тоолордун эң бийик жери 4875 м. Төрүндө жалпы аянты 12,8 км2 келген 4 мөңгү бар; эң чоңу Шопоков мөңгүсү. Өрөөндөн Чуңкурчак суусу (Аламүдүн куймасы) агып өтөт. Татыр кыш-нан 2–3 км түш.-батыш тарапта (Чуңкурчактын куймасында) Көгүчкөнсугат шаркыратмасы бар. Тоо этегиндеги кургак талаадан альп шалбаасына ж-а нивалдык-гляциалдыкка чейинки ландшафттар таралган. Деңиз деңг. 1800–2300 м бийиктиктеги бийик тоолуу шалбаа өсүмдүктөрү чабынды катары пайдаланыла т.
Чуңкурчактын өңгүл-дөңгүлдүү рельефин голоцендеги сейсмогравитациялык кыймылдар түзгөн. Катуу жер титирөөлөр Чандалаш кырка тоосунда диаметри 2 кмге _жеткен Көчкөнжар аска-зоокасын пайда кылган. Андан ураган тоо массасы Чаткал өрөөнүн бөгөгөн. Чуңкурчактын ичи алгачкы карбондун акиташ, плиоцен — алгачкы плейстоцендин конгломерат, брекчиялары ж. б. тоо тек сыныктары м-н толгон. Жайыт; рекреациялык жактан да пайдаланылууда. Жайкысын Аккөлдүн жээгинде балдар эс алуучу жай ачылат.

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

ЧУҢКУРЧАК ӨРӨӨНҮ Чандалаш кырка тоосунун түш.-чыгыш капталында. Чаткал д-нын оң куймасы Чуңкурчак суусунун өрөөнү. Деңиз деңг. бийикт. 1770 мден 2350 мге чейин. Рельефи адыр-будур, уңкул-чуңкулдуу. Өрөөндүн айланасы, дөбөлөр м-н курчалган. Алардын арасындагы көптөгөн чуңкурчактардын айрымдарын чакан көлдөр ээлейт. Тоонун түбүндөгү эки кенен чуңкурчак (Бакмал, Жанышкөл) соолгон көлдөрдүн орду, Алардан ылдый (2170 м бийиктикте) Аккөл, Сүйрүкөл, Камыштыкөл, Коголукөл, Кечиккөл, Казандуукөл сыяктуу топ көлдөр тизилип жатат. Булардын уз. 50–60 мден 350 мге чейин. Жээктеринде түрдүү өсүмдүктөр өсөт: бак-дарак (терек, кайың, тал, итмурун ж. б.), камыш, жекен, өлөң чөп, өйдөрөөк жерлерде аюучачы, буйра шашыр, чайыр, арча ж. б. Чуңкурчактын өңгүл-дөңгүлдүү рельефин голоцендеги сейсмогравитациялык кыймылдар түзгөн. Катуу жер титирөөлөр Чандалаш кырка тоосунда диаметри 2 кмге _жеткен Көчкөнжар аска-зоокасын пайда кылган. Андан ураган тоо массасы Чаткал өрөөнүн бөгөгөн. Чуңкурчактын ичи алгачкы карбондун акиташ, плиоцен — алгачкы плейстоцендин конгломерат, брекчиялары ж. б. тоо тек сыныктары м-н толгон. Жайыт; рекреациялык жактан да пайдаланылууда. Жайкысын Аккөлдүн жээгинде балдар эс алуучу жай ачылат.