География:ҮЧКОШОЙ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
disc_geo>KadyrM No edit summary |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
ҮЧКОШОЙ ӨРӨӨНҮ Талас Алатоосунун түн.-чыгыш капталында, Талас д-нын башталышында жайгашкан. Түндүгүнөн Ортотоо м-н чектешет. Деңиз деңг. бийикт. 1400–2200 м. Уз. 40 км, туурасы 2–3 км, айрым жерлерде кууш капчыгай (Шумкардын тушунда) болуп, Чатбазарга жакын жазылыгы 800–1000 м. Эрозиядан пайда болгон кууш өрөөн, айрым жерлерде эки капталы тик кууш капчыгай. Өрөөндүн таманын тоо этектерин ж-а тектирчелерин төртүнчүлүк мезгилинин шагыл-таштары, кум, чопо тектери каптап жатат. Чет-жакасындагы Ортотоо, Талас Алатоосунун капталдары протерозой, палеозойдун сланец, конгломерат, кум, камдашкан чополорунан турат. Ортотоодо аларды гранит, гнейс тектери жиреп чыккан. Климаты континенттик, бийиктик б-ча өзгөрөт. Январдын орт. темп-расы —6... —7°С, июлдуку 15–16°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 350– 400 мм. Өрөөн аркылуу Талас д-нын башы Үчкошой суусу агат. Өрөөндүн аймагында тоолуу коңур кара топурактуу талаа (1400–1900–2100 м бийиктикте; бетеге, коңурбаш, чий, төөкуйрук ж. б. өсүмдүктөр), бийигирээк (2100 м) чыгыш бөлүгүнө кара топурактуу шалбаалуу талаа (бетеге, тулаң, жылтыркан, түрдүү кылканактуу өсүмдүктөрү) мүнөздүү. Тоо беттеринде бийиктик алкактуулук байкалат. | |||
Үчкошой суусунун боюнда бадал, айрым жерлерде токой өсөт. Дан, тоют өсүмдүктөрү айдалып, жемиш бактары отургузулган. | Үчкошой суусунун боюнда бадал, айрым жерлерде токой өсөт. Дан, тоют өсүмдүктөрү айдалып, жемиш бактары отургузулган. | ||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска
ҮЧКОШОЙ ӨРӨӨНҮ Талас Алатоосунун түн.-чыгыш капталында, Талас д-нын башталышында жайгашкан. Түндүгүнөн Ортотоо м-н чектешет. Деңиз деңг. бийикт. 1400–2200 м. Уз. 40 км, туурасы 2–3 км, айрым жерлерде кууш капчыгай (Шумкардын тушунда) болуп, Чатбазарга жакын жазылыгы 800–1000 м. Эрозиядан пайда болгон кууш өрөөн, айрым жерлерде эки капталы тик кууш капчыгай. Өрөөндүн таманын тоо этектерин ж-а тектирчелерин төртүнчүлүк мезгилинин шагыл-таштары, кум, чопо тектери каптап жатат. Чет-жакасындагы Ортотоо, Талас Алатоосунун капталдары протерозой, палеозойдун сланец, конгломерат, кум, камдашкан чополорунан турат. Ортотоодо аларды гранит, гнейс тектери жиреп чыккан. Климаты континенттик, бийиктик б-ча өзгөрөт. Январдын орт. темп-расы —6... —7°С, июлдуку 15–16°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 350– 400 мм. Өрөөн аркылуу Талас д-нын башы Үчкошой суусу агат. Өрөөндүн аймагында тоолуу коңур кара топурактуу талаа (1400–1900–2100 м бийиктикте; бетеге, коңурбаш, чий, төөкуйрук ж. б. өсүмдүктөр), бийигирээк (2100 м) чыгыш бөлүгүнө кара топурактуу шалбаалуу талаа (бетеге, тулаң, жылтыркан, түрдүү кылканактуу өсүмдүктөрү) мүнөздүү. Тоо беттеринде бийиктик алкактуулук байкалат. Үчкошой суусунун боюнда бадал, айрым жерлерде токой өсөт. Дан, тоют өсүмдүктөрү айдалып, жемиш бактары отургузулган.