География:САРЫЧАТ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
Борбордук Теңиртоодо, Тескей Алатоо м-н Акшыйрак кырка тоосунун аралыгында, деңиз деңг.
<strong>САРЫЧАТ ӨРӨӨНҮ</strong> Борбордук Теңиртоодо, Тескей Алатоо м-н Акшыйрак кырка тоосунун аралыгында, деңиз деңг.
3000 м бийиктикте жайгашкан. Уз. 52 км.
3000 м бийиктикте жайгашкан. Уз. 52 км.
Өрөөндүн баш жагы жайыгыраак (3–5 км), чыгышты карай кууштап, түбү тереңдейт.
Өрөөндүн баш жагы жайыгыраак (3–5 км), чыгышты карай кууштап, түбү тереңдейт.

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

САРЫЧАТ ӨРӨӨНҮ Борбордук Теңиртоодо, Тескей Алатоо м-н Акшыйрак кырка тоосунун аралыгында, деңиз деңг. 3000 м бийиктикте жайгашкан. Уз. 52 км. Өрөөндүн баш жагы жайыгыраак (3–5 км), чыгышты карай кууштап, түбү тереңдейт. Тоо капталдары тик болуп, Сарытөр суусу кошулгандан кийин капчыгай кебетеленип кетет. Таманында жапыз тектирлер бар. Өрөөн аркылуу терең сай м-н Сарычат суусу агат; ири куймалары Оройсуу, Туурабулак, Сарытөр, Чомой, Бороко. Климаты континенттик, июлдун орт. темп-расы 10°С, кышы суук (январдыкы –21,9°С) болот. Суу баштарында жалпы аянты 195,5 км2ге жеткен 88 мөңгү бар; эң ириси — Колпаковский мөңгүсү. Жаанчачын аз (жылдык жаан-чачыны 400 мм) жаагандыктан өрөөндө боз шыбак-бетегелүү кургак талаа ландшафттары кеңири таралган. Тоо капталдарында (3800– 3850 мден жогору) шалбаалуу талаа, бийик ж-а тайпак тоо жондорунда муздак чөл сымал ландшафттары орун алган. Кийинки жылдарда уюшулган (1995) Сарычат-Ээрташ коругунун аймагына кирет.